Кулатов айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө коомдук чогулуш болуп өттү. Чогулушка айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров, орун басары Көкөнов Данияр, №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан мед айымдар, айыл өкмөттүн карамагындагы мектептерден директорлор, уюштуруучулар, соц педагогдор, ата-энелер, бала-бакчалардын жетекчилери, айылдын имамдары, коомчулук жалпы 84 киши катышышты.
Чогулуштун негизги маселеси болуп жугуштуу оорулардын алдын алуу, зордук зомбулуктун алдын алуу, «Акыркы коңгуроо» аземин тартип чегинде өткөрүү боюнча болду. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Көчкөнов чогулуштун негизги максатын айтып өттү. Коомдук талкуу болду. Маселерди чечүү үчүн жарыш сөзгө чыгышты. №16 үй-бүлөлүк дарыгер тобуна дарыгер жетишпегендиги боюнча айтып өттү. Андан сырткары, саламаттыкты сактоо минстирлигинин №119 токтомун ишке ашыруу боюнча «Жугуштуу оорулардын алдын алуу» максатында уюштурулду. Билим берүү мекемелеринин жетекчилерине балдардын коопсуздугун сактоо боюнча милдеттер айтылды.
Даярдаган: Чынара Нурманова