Т. Кулатов атындагы айыл өкмөттүндө «Мисс Кулатов- 2022» кароо сынагы болуп өттү. Сынакка ар бир мектептен бирден окуучу кыз катышты. Жалпы 8 кыз ат салышты. Сынакты Кулатов айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин депутаты, «Арык-Тейит Нуру» балдар бакчасынын директору Назгүл Эргешова уюштурду.
Мисс Кулатов 2022
Сынакка катышкан кыздар
Сынакка айыл өкмөт тарабынан эч кандай акча каражаты бөлүнгөн эмес. Жеке ишкерлер, айылдагы активисттер демөөрчүлүк көрсөткөн. Ар бир кыз диплом, китеп, лента, үй буюмдары менен сыйланышты. Жыйынтыгында 1-орунду Айзат Абдумаликова ээледи.
Кененирээк төмөнкү аудиосюжеттен көрсөңүздөр болот!
Чынара Көчкөнбаева