Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүндо окуучуларга жолдон өтүү үчүн жол белгилери коюлуп, аялдамалар жңыртылып боелуп, жол боюндагы тирөөчтөр жаңыртылдып ремонттолду.
Төрөбай Кулатов айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Сапарбек Бойдонов:
«Жол белгилери, аялдамалардын сырдалышы, тирөөчтөрдүн боёлушу жалпы айыл өкмөт тарабынан каржыланды. Жалпы 150 миң сом акча каржыланды. Бул белгилер Кулатов айыл аймагынын бардык көчөлөрүнө камтылды», деп билдирди.
Айыл тургуну Гүлжан Дастанова:
«Аялдамалардын сыртталышы, жол белгилердин коюлушу, зебралардын боёлушу бир кыйла жеңилдик болду, үйдөгү окуучуларды да коркпой жөнөтүп жатабыз. Боёлгон жерлер кооз көрүнүп калды»,- деп билдирди.
Мектеп окуучусу Максатбек Раимбердиев: «Мурда машиналар катуу айдачу, жол белгилери коюлгандан кийин машиналар жай айдап жолдон өтүү ыңгайлуу болуп калды»,-деп билдирди Максатбек Раимбердиев
Жумагул Көчкөнбаева