Айыл тургуну 8,9 киши иштей турган кийим тигүү цех ачып, айыл үчүн чоң жаңылык киргизди. Айылдын келиндери жумуш издеп шаарга бааруунун кажети жок дешет.
Ишкананы ачкан Мээркан Аянбек кызы алды дагы максаттары менен бөлүштү.
«Цехти жакында эле ачтык. Цехте кичинекей кыздарга арналган көйнөктөр тигилет. Кээде буюрутма менен иштейбиз.
Бул жаатта мага биринчиден жолдошум жана кайын журтум жардам берди. Шаарда бир тууган эжем бар ошол дагы мага көмөк көрсөтүүдө. Кездемелерди ошол эжеме барып алып келип турабыз.
Алдыдагы максатым ушул ишкананы кеңейтүү. Ошондой эле азыр 8,9 жумушчу иштеп жатышса, кийин дагы бул жумушчулардын саны көбөйөт деген ойдомун. Мындай айтканда үйдө отурган айымдар иштей баштайт.»

Бул цехтин ачылышы жаш келиндер үчүн абдан жакшы болду
Соң-Көл айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Райымбек Алымбаев. Ачылган цехке болгон көз карашын төмөндөгүдөй билдирди:
«Жеке ишкерлер ушундай жумуш ачуу менен жумушсуздукту алдын алып жатышат. Ошону менен бирге атайын проект жазып айылга кийим тигүү цехин ачууну ойлоп жатабыз. Бул дагы болсо жумушсуздукту жоюуга жардам берет. Биз айыл үчүн жасалган иштерди ар дайым колдойбуз.»
Кийим тигүүчү цехте иштеген Чолпон Абдыкеримова иштеп жаткан жумушун жакшы көрөрүн баса белгилеп кетти:
«Бул жаатта тажрыйбам бар эле, буга чейин шаарда иштегем. Бир күндө кечке чейин иштесем бир таңгак толук бүтөт. Жумуш үй- бүлөмө жана өзүмө ыңгайлуу, өзүм сүйгөн кесип десем болот.»
Айыл тургундары азык-түлүк менен камсыз болушат
Айпери Марлес кызы, Нураида Бакай кызы