Азыркы тапта мамлекет боюнча Covid-19 оорусуна каршы вакцинация жүрүп жатат. Бул тууралуу Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы абал жөнүндө маалымат алуу үчүн номер 10 үй-бүлөлук дарыгерлер тобунун дарыгери Замира Кудайбергенова менен маек курдук.
-Саламатсызбы? Негизинен вацинацияны кимдер алыш керек?
-Вакцинаны көбүнчөсү эл менен көп байланышта болгон кызматкелер алыш керек. Өзгөчө медицина кызматкелери, мугалимдер, милиция кызматкелери жана ошондой эле 60 жаштан жогорку курактагы жарандар,кары-картаңдар алууга тийиш. Бул вакцинаны алгандан соң оору жугуп калса жеңил түрүндө өтөт.
-Азыркы тапта Төлөк айылында канча адам вакцина алды?
-Ушул жерге келгенде бир аз масалелер жаралып аксап жатабыз. Себеби элдерге туура эмес маалымат жетип калгандыктанбы, айтор, көпчүлүк бөлүгү баш тартууда. Бирок сайдыргандар да жок эмес. Жалпысынын 8 адам алды. Анын ичинен 4 адам мед тармагында иштегендер, 4 адам Соң-Көл орто мектебинин кызматкерлери.
-Элдер арасында вакцинаны Кытайдыкы жана Россияныкы деп да талкуу жаралып жатат. Бул нерсеге сиздин оюңуз кандай?
-Менин көз карашымда Кытайдыкы болобу, Россияныкы болобу адамдардын ден соолугуна эч кандай зыяны жок. Бирок учурда бул нерсе абдан көп талкуу болуп, маселе жаратууда. Себеби учурунда туура эмес маалыматтар интернет аркылуу тарап кеткен. Ошол себептүү элдер чоочулап жатышат окшойт. Бирок эч кандай зыяны жок. Вакцина келээрден мурун атайын көзөмөлдөн өтөт.
Маегиңизге чоң рахмат!
Дарыгер: «Вакцина иммунитетти пайда кылат»
Альбина Арстанбекова