Covid-19 пандемиясы менен бир жылдан ашык убакыттан бери күрөшүп келебиз. Айылда коронавирус илдетине чалдыккан кары- картаңдардын абалы жөнүндө сурамжылоо жүргүздүк.
Жаңы-Жер айылы боюнча Covid-19 илдети менен ооруган кары- картаңдар таптакыр жок эмес. Бирок ошого карабастан айылда той-аш орду-орду менен, ыргагынан жазбай кетип баратат. Өзгөчө орозо убагында ооз ачар “Ифтар” байма- бай өткөрүлүүдө.
Көчө түгүл, эл көп чогулган базарда, иш- чараларда деле беткап кийген киши жок.
Жаңы-Жер айыл аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Шухрат Тажибаевдин айтуусу боюнча:
-Covid-19 илдети боюнча айылда абал кандай болууда?
-Айылда былтыркыга салыштырмалуу абал өтө курч эмес. Бирок чакыруулар болуп турат. Өтө кары адамдарга караганда 40-жаштан 6- жашка чейинки курактагы адамдар көп оорушууда.
-Covid-19 илдети менен биздин Жаңы-Жер айылында канча адам ооруп жатат? Так санын айта аласызбы?
-Биздин айылда учурда 4 киши ооруп жатат, баардыгы орто курактагы адамдар. Үйүндө дарыланууда. Мобильный бригадабыз бар ошолор карап, үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ахыбалдары жакшы.
-Кары-картаңдар бул оору менен катталган жокпу?
-Кары- картаңдар былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көп ооруган жок. Жакында бизге караган Төмөнкү-Чүй айылында бир кары адам катталды. Бишкекке ооруканага жаткырып келдик. Көбүнчө кан басымы көтөрүлүп же эски оорулары менен кайрылышат.
Жаңы-Жер айылынын тургуну Жумакан Чонорова:
«Мен бул оору менен кудай колдоп ооруган жокмун. Карантинде башка адамдардай эле үйдөн чыкпадым. Канчалаган аш-тойлорго чакыруулар келди бара алган жокмун. Мен оорусам үй-бүлөмө эле түйшүк да. Азыр дагы ашыкча эч жакка чыкпаймын. Ден-соолукту дагы караш парз. Бул оорудан доктурлардын айтканын угуп сактанууга аракет кыламын. Бир жакка барсам дагы сөзсүз беткап кийемин.
Жаңы-Жер айылындагы “Тез жардам” унаасынын айдоочусу Мухтадо Гафуров:
-Учурда “Тез жардам” унаасы бузулбай эле айылга кызмат кылуудабы?
-Таптакыр бузулбайт деп айта албаймын. Техника болгондон кийин ишенич жок да бузулган күндөр деле болот. Айылдын кызматы үчүн деген унааң бузулса аябай кыжалат боломун. Себеби, бул унаа өлүм менен өмүрдүн ортосундагы маселеге кызмат кылат эмеспи. Күнүгө эртең менен жумушка келерим менен унаамды текшерип бир сыйра карап чыгамын.
-Күнүнө канча жолу чакыруу болот?
-Чакыруулар ар кандай, орто эсеп менен 10 дон 15 жолу чакыруу келет. Кээ бир күндөр андан да көп барабыз.
-Оорулууларды Бишкектеги борбордук ооруканаларга же Сокулук райондук ооруканага жеткизген учурлар болобу?
-Оорулуулар катуурак болсо шаарга дагы барган учурларыбыз бар. Күнүнө 3 жолу борборго каттап калам. Кээде Сокулукка жеткиземин. Айтор эл кызматы үчүн күнү түнү барганга даярбыз.
-Айыл элинин жардамы менен”Тез жардам” унаасы алынган дешет, ал эми мурунку “Тез жардам” унаасы дагы иштейби?
-Мурунку “Тез жардам” унаасы эскилиги жетсе дагы иштейт. Кээде аны менен дагы чыгабыз. Бири бузулса экинчисин айдап кеткенге даяр.
«Тез жардам» бөлүмүнүн фельдшери Вероника Ключанцева:
-Кары- картаңдарга чакыруу көп болуудабы?
-Кары- картаңдарга өтө көп эмес, кээде гана кан басымы көтөрүлүп калган карыларга барып калабыз. Катуу ооругандар болгон жок. Чакыруулар былтыркыга караганда аз.
-Дары-дармектер боюнча тартыштыктар жокпу?
-Дары-дармектер боюнча кыйынчылыктар жок. Бирок биздин айылдагы элдер бир нерсени түшүнүшпөйт. Себеби, бизде азыр аналгин менен димедролду колдонууга уруксат жок. Ошону элге түшүндүрө албай келебиз. Кээде бейтаптар же туугандары биз менен урушууга чейин барышат, «Эмнеге дарыңар жок келесиңер же атайын сайбайсыңар» -деп. Биз түшүндүрүүгө аракет кылуудабыз. Айылдагы бир гана маселе, ушул той-аштарды токтотушса дейт элем. Оорунун жайылуу себептеринин бири да ошол.
Эл пикири: Жаңы-Жер айылында эрежелер сакталуудабы?
Турсун Омуралиева, Айдай Жаныбекова