Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагында 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жыйынтыгында 62 талапкер шайлоого аттанып, 21 депутат шайланган. Алардын ичинен 8 депутат аялдардан болду.

Жыйын учуру
Жыйындын башында Аймактык шайлоо комиссиясынан келген өкүлдөр сөз сүйлөп, андан кийин Белековго сөз берилди. Ал, айылдык кеңештин депутаттарын куттуктап адилеттүү төрага шайлап, элдин керегине жарап, айыл элинин маселелерин чогуу чечүүгө жана биримдикте болуп чогуу иштегиле деген ойун айтты.
Айылдык кеңештин төрагалыгына Жаныбек Казаков менен Кубат Меделкан уулу көрсөтүлдү. Жалпы депутаттар арасында 21 ачык эмес жашыруун добуш берилип, жыйынтыгында 13 кишинин добушу менен Жаныбек Казаков айылдык кеңештин төрагасы болуп дайындалды.

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Жаныбек Казаков
Айылдык кеңештин мурдагы төрагасы Аскар Бердигулов Жаныбек Казаковго төрагалык милдети менен бирге ишине ийгиликтерди каалоо тилегин айтуу менен өткөрүп берди.
Нуржан Асаналиева Жаңы-Жер айылынын убактылуу айыл башчысы:

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы, учурда убактылуу айыл башчысы Нуржан Асаналиева
“Бүгүнкү иш-чара жакшы маанайда өттү. Мен өзүмдүн атымдан Жаңы-Жер айылдык кенештин депутаттарынын мандат ээлерин куттуктайм. Бул мандат ээлери келечекте элдин жүгүн аркалап, айыл аймагына кызмат көрсөтүп, айылдын өсүп өнүгүүсүнө кызмат көрсөтөт деп ойлойм. Келечекте биздин депутаттар социалдык — экономикалык маселелерди чечүүгө, экономикалык өнүгүү пландарды аткарууга өбөлгө түзүп, аны жүзөөгө ашырууга жардам беришет деп ишенемин.”
Айылдык кеңештин депутаты Динара Абакова:

Жаңы-Жер айылдык кеңештин депутаты Динара Абакова
“Мен Жаңы-Жер айыл аймагындагы 7271 шайлоо участкасынан талапкерлигимди койгонмун. Биринчиден элдин колдоосу менен жана бул шайлоо 30% аялдарга квота болгондуктан, депутат айымдардын катарын толуктадым. Бул мага жүктөлгөн чоң жоопкерчилик болгондуктан айыл элим үчүн кызмат кылууга күч аракетимди жумшаймын. Бул чакырылыштагы депутаттардын дээрлик көпчүлүгү жаштардан болгондуктан Жаңы-Жер айыл аймагында көп өзгөрүүлөр болот деп ишенем. Айылдык кеңештин төрагасын дагы шайлап алдык. Бул жигит буга чейин дагы айылдык кеңеште депутат болуп келген. Жаныбекке дагы ийгилик каалаймын. Айылда ушундай элим деген уулдардын бар экендиги мени сүйүндүрөт».
Турсун Омуралиева