Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Сары-Булун

Жаңы имарат бүткөрүлүп, ишке берилди

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагынын жаңы имараты бүткөрүлүп, ишке  берилди.

Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракеси Тогуз-Торо районунда да белгиленди.

Дүйнө жазуучусу аталган  Чынгыз Айтматовдун быйыл 2018-жыл 90-жылдык мааракеси деп белгиленип, Кыргызстандын жер-жерлеринде ар түрдүү иш-чаралар өтүлүүдө.

Тогуз-Торо районунда митинг өттү

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун тургундары “Макмал” кенинин базасында курулуп жаткан ишкананын курулушуна каршы митингге чыгышты. 

Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы жылдын мыктысы болду

Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагынын башчысына “Мыкты айыл өкмөт” наамы ыйгарылды.

Тогуз- Торо районунун “2017-жылдын мыкты салыкчысы” аныкталды

Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн “2017-жылдын мыкты салыкчысы” наамы Замира Мамбетакуновага тапшырылды.

Окуучулар олимпиадада ийгиликке жетишишти

Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунда 22-23- декабрда тогуз окуу  предметтери боюнча олимпиада болуп өттү. Бул  олимпиадага №7 Таштемир  Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен жалпы 22 окуучу катышып, ийгиликтерге жетишип келишти. 

Кышкы эс алуу аяктады

Төрт мезгилдин ичинен кыш мезгили кандай кооз мезгил, балдар чурулдап, кар менен ойношуп, эс алуучулар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Кара-Суу айылынын окуучулары кышкы эс алууну …

Айылга таза суу чыгарылды

Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылында суу түтүктөрү менен таза суу чыгарылды. Буга чейин айыл тургундары ичүүчү таза сууну өзөндөн ташып келишкен. Бул демилгени айыл тургуну өз колуна алып, ишке ашырды.

2018-жылга бюджетти бекитүү боюнча коомдук угуу болду

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүү боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Сары-Булуң мультимедиа борбору ишке кирди

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында жергиликтүү жаңылыктарды даярдоо жана элге жайылтуу үчүн  жамааттык мультимедиа борбору өз ишин баштады. Сары-Булуң мультимедианын  максаты элди маалымат менен камсыз кылуу жана алардын көйгөйү боюнча чечим …

«Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюму.

2011-жылы 15-Февралда «Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюму айыл тургундарынын каалоосу менен уюшулган.   Бул уюм Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында орун алган Седеп  мектепке чейин  билим берүү  уюмунда  11  кызматчы эмгектенет  …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...