2011-жылы 15-Февралда «Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюму айыл тургундарынын каалоосу менен уюшулган. Бул уюм Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында орун алган Седеп мектепке чейин билим берүү уюмунда 11 кызматчы эмгектенет алардын ичинен директор, 3 тарбиячы , 1 мед айым, чарба башчы, ж.б жумушчулар эмгектенет.
2012-2013 жылдары Сары-Булун айыл аймагы тарабынан онүктүрүү саясаты институнун кичи граттары програмасына 1000000 дук долбоор жазылып утуп алган. Долбоордун негизинде жылытуу системасы орнотулуп балдар үчүн 50- керебет сатылып алынган жана ойно аянтачы курулган.
Бул уюмдун кызматкерлери эмгек акыларын Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан алышат. Айлык акылары, 1800 сом-5000сомго чейин жетет
Седеп мектепке чейинки билим берүү уюмунда 50- бала тарбияланып, алар эки топко болүнот, орто жана кенже курак.
Ашпосчулар оз убагында тамактарын беришет , мисалы эртен менен ботко, чай наны менен берилсе түшкүсүн, кол кесме, чай наны менен берилет ал эми кечкисин, балдар кампот таттууларды жешет.
2013-жылдан баштап «Седеп» билим берүү уюму оз демилгелери менен көмөкчү чарба түзүшкон. «Көмөкчү чарбага картошка жана жашылчаларды айдайбыз, түшкөн пайданы бакчанын көрктүү нерселерине,жумшайбыз. мисалы көрктөндөрүү, жашылдандыруу иштери боюнча бакчанын аянтчасына карагайларды, кайын, карагат жана гүлдөрду тигип жатабыз», деди Седеп мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Солтоева Рахат.
Кара-Суу айылынын тургуну Молдобаева Жылдыздын 4 жаштагы уулу Барсбек бул бала бакчада тарбияланат.Жылдыз айымынын айтымында балдар бакчада сүрөт тартканды кагаздар менен иштөөнү жаныдан үйрөнүп жатышат. Ал эми ар бир балага ата-эне ай сайын 500 сомдон төлөйт. «Бала бакчанын ичи кичине тарыраак жана Сууну алыстан ташып келишкендиги мени кейитет» деп билдирет Жылдыз айым
Даярдагандар; Азимбаев Акылбек, Суранбеков Белек.