Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Суусамыр

Суусамыр: Шайыр апалар

Шайыр апалар теле-сынагынын жеңүүчүсү «Энелер насааты» тобу, Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылына чоң программалык концерти менен келишти. Концертте жергиликтүү элге бий жана ар кандай кыргыз улуттук аспаптардын коштоосундагы  ырлар  тартууландаы.

Видео: Суусамыр айылындагы жалгыз набайкана

Сайнагүл Маланова беш миңге жакын калкы бар Суусамыр айылындагы жалгыз набайчы. Ал бул набайкананы үй-бүлөсү менен биргеликте он алты жылдан бери иштетип келет. Ал жайы кышы даамдуу токоч жасап, чакан …

Суусамыр: Айылдын ички жолдоруна асфальт төшөлдү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында ички жолдорго алфальт төшөө иштери башталды. Асфальт Эсенкан Алымкулов көчөсүнө төшөлүп, жергиликтүү элге колдонууга берилди. Жол иштерине жалпысынан 4 млн 415 мин сом каражат жумшалды.

Суусамыр: Муниципалдык кызмат орундары

Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Урмат Алыпсатаров бир ай алкагында элден чогулган суроолорго жооп берип, жергиликтүү элге муниципалдык кызмат орундары жана санариптештирүүнүн пайдасы тууралуу элге толук түшүндүрмө берди.

Суусамыр: Жайыт жерлерди алтыганадан тазалоо

Жыл өткөн сайын Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды алтыгана ээлеп деградацияга учуратууда. Бул маселени пилоттук түрдө жок кылуу иштерин көрүү үчүн атайын техникалар менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келди.

Видео: Суусамыр айылында чычырканактын көчөттөрү отургузулду

Жайыл районунун Суусамыр айылында үч гектар жерге чычырканактын көчөттөрү отургузулуп, жергиликтүү тургундарга жумуш орду түзүлүүдө. Отургузулган чычырканактын үч түрү бар. 

Аудио: Суусамыр айылындагы айдоо иштери

Суусамыр айыл аймагында айдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жалпысынан Суусамыр айылындагы дыйкандар арпа жана эспарцет айдашат. Жер айдоочулардын саны жылдан жылга өсүүдө. Айдоо учурундагы дыйкандардын абалы тууралуу төмөндөгү аудиосюжеттен уга …

Суусамыр: Айыл эли акысыз медициналык жардам алышты

25-26-27-апрель күндөрү Суусамыр өрөөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиевдин демилгеси менен айыл элинин ден-соолугун чыңдоо максатында “Хиппократес” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ли Жухваг мырза баштаган дарыгерлер тобу келип, калкты акысыз …

Каттоочу: Бардык маалыматтардын купуялуулугу сакталат

Учурда Суусамыр айыл аймагында эл жана турак-жай фондун каттоо иштеринин башталганына туура 5 күн болду. Бул убакта боюнча 33 каттоочу, 3 инструктор, 1 координатор иш алып барууда.

Суусамырда эл жана турак- жай фондун каттоо өнөктүгү башталат

Суусамыр өрөөнүндө эл жана турак –жай фондун каттоо иштери башталганы турат. Бул арада Суусамыр өрөөнү боюнча каттоочулар атайын үч күндүк окуудан өтүп, улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан тиркемеге ылайык …

Суусамыр: Жергиликтүү кеңеш кезектүү отурумга чогулду

Суусамыр айыл өкмөтүндө Жергиликтүү кеңештин 9-кезектүү отуруму болуп өттү. Отурумга катышкан депутаттардын саны 14 болду. Андан тышкары айыл өкмөт башчысы, мектеп жетекчилери, айыл башчылар жана мекеме жетекчилери катышышты.

Суусамыр: Мырзалардын саламаттыгына арналган акция жүрүүдө

“Жооптуу бол!” Өзүңүздү жугуштуу эмес оорулардан сактаңыз! акциясы Суусамыр айыл аймактык ооруканасында старт алды. Акцияны Суусамыр айылдык ден соолук комитети жана оорукана кызматкерлери менен бирге өткөрүп жатат. Акциянын негизги максаты …

Суусамыр: 7-апрель «Ден соолукту чыңдоо күнү» белгиленди

7-апрель ден соолукту чыӊдоо күнүнө карата Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде айылдык ден соолук комитети уюштурган спорттук иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мугалимдер жана медицина кызматкерлери катышышты. Иш-чарада волейбол, аркан …

Суусамыр: Энелер мектеби долбоорунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун уникалдуу Энелер мектеби долбоору эми Суусамыр өрөөнүндө ата-энелер менен жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууга уюштуруучулар, жаштар, мугалимдер жана ата- энелер катышышты.

Суусамыр: Айылдык ден соолук комитетинин ишмердүүлүгү

Элет жеринде айылдык ооруканадан тышкары дагы адамдардын ден соолугуна кам көрүп келген ден соолукту чыӊдоо комитеттери иш алып барышат. Айылдагы адамдардын ден соолугуна кам көргөн Айылдык ден соолукту чыӊдоо комитети …

Суусамырда балдар бакчасы ачылуу алдында турат

Суусамыр айылында жаңы салынып курулушу аяктап калган балдар бакчасы акырындык менен балдарды кабыл алууга даярданып жаткан кези. Бала бакчанын курулушу Айыл өкмөтүнүн АРИС проектисинин негизинде 2020-жылы башталган.

Мал доктур: Мал төлдөтүүдө жаш балдарды аралаштыруу кооптуу

Жаздын келиши менен мал төлдөтүү учуру башталат. Ошол төл убагында адамдар үчүн ар кандай эрежелерди сактоо керек. Мисалы, эң эле жөнөкөй кол кап жана атайын формалар керектелет.

Суусамыр: «Кургак учукту жеңебиз»

24 -март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Суусамыр айылында калк арасында жана мектептерде ар кандай иш- чаралар болуп өттү.

Суусамыр: Депутат эл менен жолукту

Кыйрап калган көпүрө, ооруканадагы дарыгерлердин жетишсиздиги, мектептердеги материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери Жогорку Кеңештин депутаты менен болгон баарлашуу учурунда айтылган маселелелер болду. Суусамыр айылына Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев келип эл …

Сокулукта акыл таймашы өттү

Маржан Кеңешбек кызы Сокулук №2 орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Ал Сокулук районундагы 6 мектептин арасында уюштурулган интеллектуалдык таймаштан жеңүүчү аталып кубанып турган кези. Жеңүүчүгө белек катары нотбук, кубок жана Ардак …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...