Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Токтогул

Сүрөт: Замандын талабына ылайык кой жуут пункту салынды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Тытты конушуна койлорду жаман илдеттерден арылтып, жуунту үчүн кой жуут пункту салынды.

Фото: Айылда балдар карантин учурунда

Өзгөчө кырдаал учурунда Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы жаш балдардын онлайн окуусу жана убактысын кантип өткөргөндүгү жөнүндө төмөнкү сүрөттөрдөн көрсөңүз болот.

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын калкына COVID-19 учурунда берилген жардамдар

Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында жашаган жардамга муктаж болгон айыл тургундарына карантин учурунда гуманитардык жардамдар берилди.

Сүрөтбаян: Эми айылдагылар таза суу ичишет

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын таза суу тутүктөрү 1978-жылдары курулган. Бүгүнкү күндө эскилиги жетип, дээрлик 80% жараксыз абалга келген. 2020-жылдын апрель-май айларында жергиликтүү бийликтин жана айылдын жашоочуларынын биргелешүүсү менен оңдоп …

Сүрөт: Менин Мекеним Кыргызстан

Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу укук бузуучулукка жол бербөө, окуучулар арасында зордук зомбулукка каршы күрөшүү, жалпы билим берүүчү мектептердин арасында аскерге чейинки даярдыктарын күчөтүү, сергек жашоо образына …

Мазар-Суу айылына заманбап күрөш залы ачылды

Токтогул районуна караштуу Мазар-Суу айылына бардык шарты менен заманбап күрөш залы ачылды. Залдын акча каражаты Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын эсебинен, Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана жеке …

Токтогул районунда 1-жолу фабрика ачкан ишкер айым

Жеке ишкер Асел Алымбаева Токтогул районунун Кара-Тектир айылына 1-жолу 130 кишини жумуш менен камсыз кылуучу тигүү фабрикасын ачты. Фабрикада буйрутмага жараша ар кандай кийимдер тигилет.

«Музей түндөрү» иш- чарасы өткөрүлдү

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында жайгашкан «Коргол Досуев» атындагы музейинде 1-жолу «Музей түндөрү» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Токтогул райондук администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Жайылов, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери, Кетмен-Дөбө айыл өкмөт …

Терек-Суу айылындагы коопсуз бала бакча

Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы №5 «Кызгалдак» бала бакчасына «2019-жыл өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында видео байкоолор орнотулду. Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов

Орто Азиядагы эң ири Токтогул ГЭСи тууралуу билип алыңыз

Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке бериле баштаган. Төрт агрегаты бар, жалпы кубаттуулугу 1200 мВт, долбоор боюнча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат.

Токтогул РИИБи жаштарды ынтымакка чакырды

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү «Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо», «Ынтымак бар жерде ырыскы бар» деген теманын алкагында мектеп окуучулары менен чогулуштарды өткөрүп, жыйынтыгында алты мектептин окуучуларына волейбол оюну боюнча мелдеш …

Токтогул шаарында жол чырактар коюлду

Токтогул шаарында жол эрежесин бузгандар азайып, айдоочуларга шаар ичинде жүрүүгө бир топ жеңилдиктер жаралды. Токтогул шаарынын негизги көчөлөрүнө  жол чырактар коюлуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн да, айдоочулар үчүн да ыңгайлуу шарт …

Терек-Суу айылында чач тарач иш алып барууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында май айынан бери чач тарач ачылып, иш алып барууда. Чач тарачты 25 жаштагы айыл тургуну Каныкей Ызакул кызы ачкан.

Терек-Сууда мугалимдер күнүнө карата кече болуп өттү

Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде мугалимдердин күнүнө карата 5-Б классы тарабынан уюштурулган кече болуп өттү. Окуучулар өз колдору менен жасаган белектерин мугалимдерге тартуулашты.

Терек-Сууда эгин жыйноо ишембилиги болуп өттү

Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин окуучулары мектептин түшүмүн жыйнашты. Эгин жыйноо ишембилигине 8-9-10-11-класстардын окуучулары катышты.

Мугалим мѳмѳлүү дарак

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто билим берүүчү мектебинин мугалимдердин майрамына карата “Мугалим мѳмѳлүү дарак” аталышындагы темада сурамжылоо жүргүздүк.

Терек-Суу айылынын тазалыгын сактайлы

Терек-Суу айылынын ар кайсы жеринде таштанды ыргытылып тазалык сакталбай жатат. Бул болсо тургундардын нааразычылыгын жаратууда. Таштандыдан кантип арылуу керек деген суроого жооп издеп кѳрдүк.

Терек-Сууда карылар күнүнѳ карата кече болуп ѳттү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында карылар күнүнѳ карата кече болуп ѳттү. Ал кечеге 100дѳн ашык карылар келди.

Терек-Сууда тил күнү майрамдалды

Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 21- сентябрь күнү 23- сентябрь тил күнүнө карата “Эне тилге таазим” аталышындагы майрамдык кече болуп өттү. Кече кыргыз тилине арналган ырлар, көөнөрбөс …

Турусбек мектебинде тил күнүнө карата китеп көргөзмөсү ачылды

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 23-сентябрь тил күнүнө карата “Кыргыз тили — жан дүйнө азыгы” аталышындагы китептер көргөзмөсү жүрүп жатат. Бул китеп көргөзмөсү 21-22-23-сентябрь аралгында …

Шаршемби
23 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...