Талас облусунда 4 ай ичинде өрттүн саны 41,8 пайызга азайган. 2020-жылдын 4 ай ичинде Талас облусунда 32 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 55), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 141,8 % азайган.
«Өрттүн кесепетинен каза тапкан жана жабыркаган адамдар катталган жок (2019-жылы өрттөн жабыркаган 1). Өрттүн кесепетинен келип чыккан материалдык чыгым 2 млн 935 402 сомду түзгөн. 16 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 50 % түзгөн.
Өрттөрдүн негизги себептери:
-электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -60 %;
-мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 61,9 %;
-өртко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 16,7.8%;
-балдардын от менен ойноосуунан – 16,7 %, өрт кырсыгы болду
Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
— Талас шаары — 10;
— Талас району — 4;
— Манас району — 7;
— Кара-Буура району — 9;
— Бакай-Ата району — 2;
Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:
— бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
— күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
— балдарды кароосуз калтырбагыла;
— күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
— электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула. тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;
Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз. Өрт же өзгөчө кырдаал катталган учурда 101, 112 номерине чалыңыз, чалуу акысыз»,- деп Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы подполковник У.Тамабаев маалымат менен бөлүштү.





Даярдаган: Кундуз Мырзалиева