Талас шаарында 2017-жылдын 12-сентябрь күнү Байбол ресторанында “Жаш тилек” облустук жаштар форуму өткөрүлүп, анда жаштардын билим берүү, жумушсуздук, экология, саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору талкууланып, соңунда резолюция кабыл алынып өлкө президенттигине талапкерлерге сунушталат.
Иш-чарага Талас өрөөнүнүн баардык аймагынан чогулган ар тараптуу 150 жаш активисттер, саясий партиялардын жаштар канаттары, жалпыга малымдоо каражат өкүлдөрү жб кадырлуу коноктор катышат.
Форумдун негизги максаты: жаштардын арасында жаралып жаткан олуттуу көйгөлөрдү билүү жана аны чучинүүнүн жолдорун биргелекте талкуулап талапкерлерге сунуштоо.
Аталган форум “талас областык жаштар Кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда жана Улуттук Демократиялык Инситут тарабынан колдоого алынган.
12 сентябрь күнү саат 9:00 жамааттык радио “Радиомосттун” толкунунда “Жаш Тилек” форумунун ыктирчылары жана уюштуруучу Бектур Медетов, түз эфирде конок болуп кетишти.
Бул жерден толугу менен радио-берүүнү уксаңыздар болот.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова