“Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” кампаниянын алкагында кече, 8-декабрда жөө жүрүш акциясы менен катар А. Огомбаев көчөсүндөгү №112 көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылган муралдын ачылышы болуп өттү.
Жөө жүрүш Талас облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте Б. Баатыр менен К. Нуржанов аллеясынын кесилишинен башталып, А. Огомбаев менен К. Нуржанов көчөлөрүнүн кесилишинен аяктады.
Аталган акцияга Талас шаарынын мэриясынын вице-мэри М. Сейдикеримова баштаган социалдык маселелер боюнча адистери, Талас шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча депутаттык комиссиянын өкүлдөрү, ЖОЖ, ООЖ, КЛдин студенттери ошондой эле Талас шаарынын аймагында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытына иш жүргүзгөн мекеме- ишканалар, коомдук уюмдар, укук коргоочулар катышты.
Эске сала кетсек, гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк – бул жыл сайын аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакыруу максатында уюштурулуп келет.
Акция 25-ноябрда, Аялдарга карата-зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, Адам укуктарын коргоо күнүнө тагыраагы 10-декабрга чейин уланат.