Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин алдына таман таш төшөлдү. Иш-чара айыл өкмөт тарабынан жана «Ысык-Көл өнүктүрүү» фонду тарабынан каржыланып 450 чарчы метр жасалды.
Асан Сопиев орто мектебинин директору Алик Мамытовдун айтымында мектептин алды айыл өкмөт тарабынан жасалды:
«Мектептин алдындагы бурсчатканы айыл өкмөт тарабынан жасалды. Айыл өкмөт акча бөлүп ошолордун негизинде тендер ойнотулуп компания жасады. Айыл өкмөт тарабынан 400 000 сом бөлүнүп берилди, 200 000 сомду «Ысык-Көл өндурүү» фондусунан акча бөлүндү»,- деп айтып өттү мектеп директор.
Асан Сопиев орто мекебинин география мугалими Ороз Садабаевдин айтымында мектептин алды жакшы деңгээлде жасалып, мектептин көркү ачылып калды. Мектептин алды толугу менен жасалса дагы жакшы болмок деген оюн айтты:
«Быйыл биздин мектептин алдына 450 м2 жерди брусчаткалашты. Абдан сонун жасалды, иштеген балдар да мыкты балдар экен тажрыйбалуу, түптүз кылып жасап беришти. Бул бизге абдан сонун, мектептин ажары ачылып калды десек болот. Мурда линейка болгондо ой чуңкур болуп өйдө ылдый түшүп турса, ошонун баарын түздөп эң жакшынакай жасап беришти. Суу каптап линейкада ийри-буйру болуп турчу эле, эми түптүз турат дейм. Анан эми абдан жакшы болду, мектеп үчүн эми дарбазадан бери брусчаткаланса мындан да жакшы болот эле деп ойлойм»,деп билдирди география мугалими.
Асан Сопиев орто мектебинин окуучусу Касиет Жеңишбекова өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
«Мектептин алдына брусчатка тизилгенине абдан кубанычтамын. Биз мурун линейкада тизилип турганда ийри-буйру, ылай жерде турчубуз. Азыр болсо түз жерде туруп калдык. Мектептин алдына брусчатка тизилгенден бери мектеп көркү чыгып калды»,- деп билдирди Асан Сопиев орто мектебинин окуучусу Касиет Жеңишбекова
Даярдагандар: Жибек Мелисова, Аяна Айбек кызы, Аяна Эламанова