Тасма айылында «Бугу-Эне» жамааты натуралдуу самындарды жасап келишет. Бул самындар табигый чөптөрдөн, гүлдөрдөн жасалат жана адамдардын терисине пайдалуу, дешет тургундар.
Бул туралуу «Бугу-Эне» жамаатында эмгектенген Эсенбаева Анаркүл менен болгон маегибизди сунуштайбыз.
Бул жамаат канча жылдан бери иштейт?
— Бул жамаат беш жылдан бери иштейт. 2009- жылы апрель айында Япониядан волонтёр келип уюштурган, ошондон бери иштеп келе жатабыз.
Дарылык касиети бар самынды кантип жасайсыздар?
— Дарылык касиетке ээ деген чөптөрдөн, гүлдөрдөн кургатып жасайбыз. Эч химикат кошпойбуз.
Самынды каякка сатасыздар?
— Караколдо, Бишкекте дүкөндөр бар, ошол жакта сатабыз.
Ишкананын келечекте кандай пландары бар?
— Көп пландарыбыз бар буюрса. Айылдагы жумушу жок, бош отурган келиндерди жумушка тартсак дегенбиз, дагы бир жаамат ачсак деп ойлойбуз, мындан да чоңойтсок дейбиз.
Самындын канча түрү бар жана пайдалары бар?
— Биз 11 түрлүү самын жасайбыз. Экземага, какачка, аллергияга, безеткиге, бет агартканга, грибокко дары самындарды жасайбыз. Анан эки түрлүү крем жасайбыз. Кремдин бирөөсү кургак бетке, бирөөсү болсо аллергияга ал дагы химикатсыз жасалат .
Айыл тургуну Эгенбердиев Эрнист бул самындарды көптөн бери колдонуп жүрөт. Анткени ал самындардын таасири жагымдуу болгондугун айтат.
Бул самындын кандай пайдалары бар?
— Пайдасы антибактериалдык. Колду, бетти таза кармайт, ошондуктан пайдаланам.
Канча жылдан бери пайдаланасыз?
«Бугу-эне» жамааты табигый самындар менен келечекте бүткүл республикабызды камсыз кылышына тилектешпиз.
Даярдагандар: Кубатбекова Айгерим, Бейшебаев Саламат