Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде “Келечек үчүн баарыбыз жоопкерчиликтүү бололу!” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты болуп келген катышуучуларга интеграцияланган ийримдер тууралуу маалымат берүү менен тажрыйба алмашууну көздөдү.
Бул семинарга алыскы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун билим берүү мекемелеринин жана Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү келип катышышты.
Келген меймандарга эң алгач мектептин тарыхы тууралуу маалымат берилип, андан соң “Усупбекстан” медиа борбору тууралуу окуучулар презентация тартуулашты. Катышуучулар мектептин интеграцияланган ийримдеринин презентацияларына кубө болушту.
Чаткал районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Мамбетович
«Бүгүнкү семинар абдан кызыктуу болду. Биздин максат эки тоолуу райондун мугалим, окуучулары менен жүз көрүшүп, тажрыйба алмашуу. Бизден келген мугалимдер сиздерден көп маалымат алышты деп ойлойм. Бул мектепте окуучулардын ийримдерде иштөөсү чоң жетишкендиктердин бири»-, дейт Тажибай Мамбетович.
Чаткал районунун Булутбек Камчыбеков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлжан Темиркулова
Чаткал районундагы Булутбек Камчыбеков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлжан Темиркулова:
«Бүгүн достук көпүрөсүнө келип, аябай ыраазы болуп жатам. Мугалимдердин, окуучулардын активдүүлугү мени аябай кубандырды. Райондор аралык достукту чыңдоо жана «Манас таануу» ийримин жайылтуу максатында тажрый алмашылып жатат. Бул мектептен көп тажрыйба ала алдым десем жаңылышпайм. Мага баарынан химиялык-биологиялык эксперименттер аябай жакты. Ишиңиздерге ийгилик!».
Чаткал районунун Сатимбай Мырзалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Аксана Эргешова
Чаткал районунун Сатимбай Мырзалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Аксана Эргешова:
«Семинар көргөзмөлүү, ар тараптан жакшы болду. Мага «Манас таануу» ийриминин презентациясы абдан пайдалуу болду.»
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга «Чебер колдор» ийриминин окуучулары тарабынан даярдалган атайын белектер тапшырылды.
Акбермет Руслан кызы, Эсенгулов Адылхан