Чүй облусунун Сокулук районунун администрациясында «Теңдик нуру» демилгесинин негизинде фокус программа өткөрүлдү.
Иш үстүндө
Бул программа 2019 – жылда ачылып, семинарлар Республикадагы пандемияга байланыштуу онлайн форматта өткөрүлүп жаатты. «Теңдик нуру» демилгесине ООН, Юнисеф, ЮнифPI, ЮНОЦ уюмдары демөөрчү болуп келет. Республика боюнча демилгеге Чүй облусунан Аламүдүн жана Сокулук райондору пилоттук программа түрүндө киришкен.
Семинар учуру
«Теңдик нуру» демилгесинин приоритеттүү багыттары (компоненттери) томөндөгүдөй 6 багыттан турат.
1. Мыйзамдар жана жөнгө салуу саясаты
Аялдарга жана кыздарга карата, зордук – зомбулукту жок кылуу боюнча мыйзам чыгарууну эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту, зыяндуу тажрыйбаларды түп – тамыры менен жойууга жергиликтүү улуттук аракет пландарын даярдоо, ишке ашыруу механизмдерин күчөтүү.
2. Мекемелердин натыйжалуулугу
Мамлекеттик органдарынын мульсекторалдык программаларды пландоо жана ишке ашыруу үчүн улуттук жана жергиликтүү деңгээлде кызыкдар болгон тараптардын дараметин жогорулатуу (АККЗка жана зыяндуу тажрыйбаларга жооп берүүгө, аларды алдын алууга багытталган)
3. Аялдар жана кыздарга карата зордук – зомбулуктун жана зыяндуу тажырыйбалардын алдын алуу
АККЗка, ала качууга, эрте курактагы никеге байланыштуу оң социалдык ченемдерди, тажрыйбаларды, мамилелерди жайылтууга таасир тийгизүү.
4. Гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга сапаттуу негизги кызматтар
Сапаттуу кызмат көрсөтүүдөгү кызмат көрсөткүчтөрдүн дараметин жогорулатуу жана алардын аялдарга жана кыздарга жеткиликтүүлугү.
5. Статистикалык маалыматты жакшыртуу
АККЗ жаатындагы жана чечимдердин, мыйзамдардын, программалардын саясаттын статистикалык маалыматтарынын сапатын жакшыртуу.
6. Аялдар кыймылы жана жарандык коом
Аялдар кыймылынын жана жарандык коомдун башка уюмдарынын АККЗту жана зыяндуу тажрыйбаларды жоюу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу мүмкунчүлүктөрүн кеңейтүү. Маалыматтар менен демилгенин координатору Зауре Сыдыкова тааныштырып маалымат берди. Фокс программанын учурунда Сокулук райондук социалдык өнүгүү тармагынын жетекчиси, ОПСЗДнын жетекчилери кыз – келиндер менен иштөө, түшундүрүү иштерин байма – бай өткөрүү менен бирге, зордуктоочуга Республикалык катуу чара көрүү мыйзамын иштеп чыгып, көз жаздымда калтырбоону сунушташты. Ошондой эле, мамлекеттик деңгээлде зордукчуларга жана зордук – зомбулук көргөн жарандарга психологиялык бекер жардам көрсөтүү борборлору көбүрөөк ачуу сунушу да айтылды.
Айдай Джолчубекова