Өлкөбүзгө таажы ылаңы жайылып, март айынын аягынан баштап, апрелде мамлекеттибизде өзгөчө кырдаал киргизилип, карантиндик абалда күн кечирдик. Антсе да тиричилик улана берет экен. Так ушул апрель айынан тартып Маймак темир жол станциясы иштей баштады. Маймак темир жолу аркылуу өлкөбүзгө эн керектүү товарлар ташылат. Көмүрдөн тарта, курулуш материалдары, кийим кечектер ташылып келет.
Айтылуу Маймак темир жолунан поезддер катабай калган учурлар да болгон. Апрель айынан тартып темир жол станциясынын иши жанданып, Маймак аркылуу ар кыл жүк, товарлар ташылып жергиликтүү элдин дагы чөнтөгүнө акча түшө баштады.
1-сүрөт: Маймактан поезддер каттай баштады, 2-сүрөт: Жүк ташуучу бригада иштеген айылдыктар, 3-сүрөт: Жүк жүктөлгөн эшолондор
Негизинен Маймак темир жол станциясында эсепке алуу пунктунан келген жүктөр жеке ишкерлерге тапшырылып, документтештирилет. Бул эсепке алуу пункту салык төлөмдөрүн жүргүзүү максатында иштейт.
— Маймак станциясы аркылуу поезддер менен чет мамлекеттен товарлар ташылып келүүдө. Мунун эсебинен айыл жашоочулары дагы акча табышат. Элдин иш менен камсыз болгону пандемия учурунда акчасыз олтурган элге чон жардам, — дейт Маймак айыл аймагынын башчысы Нарбек Абраимов.
Темир жол аркылуу тонналаган жүктөр Казакстан, Белоруссия, Украина сяктуу алыскы жакынкы мамлекеттерден Маймакка түз ташылып келүүдө.
Маймак айыл аймагы эки айылдан турат, мында 800дөн ашуун калк жашайт. Айылда иш жоктуган иш издеген жаштардын көбү чет өлкөдө жүрүшөт. Темир жол аркылуу түрдүү багыттагы жүктөр келгендиктен товарларды жүктөө, ташуу жумуштары көбөйдү.
— Жүк ташылуучу урналарга жүктөрдү ташыйбыз, жүктөйбүз. Көбүнчө цемент түшүрүлүп жатат. Жүк түшүрүп, ташып, жүктөп иштеген алты бригадабыз бар. Ар бир бригаданын курамында 20дан киши турат. Кезек менен иштейбиз. Бир иштегенде бир жумалык азык-түлүк, керек жарактуу нерселерге акча таап алабыз, -дейт айыл жашоочусу Амангелди Адигинеев.
Жакынкы күндөрдө Таластын кант кызылчалары казылып бүтөт. Кант кызылчалары дагы темир жол аркылу ташылып, кант заводторуна жеткирилет.
Мира Сейдикеримова