Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Жерге-Тал участкасынын жолдоруна 30-40 жылдай убакыттын жүзү болду. Бүгүнкү күндө жолдун эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу жаңы жол салынуу алдында турат.



Жол салууну өз колуна алган 35 жаштагы Терек-Суу айылынын жайыт комитетинин мүчөсү Гүлжигит Кудабаевдин айтымында, 1992-жылы көпүрөнү сел алып кеткенден бери жол кыйынчылыгы жаралган.
— Азыркы жолубуздун абалы аябай начар. Жамгыр жаап, кыян жүрүп суулар жолду начар абалга келтирип кеткен. Андан сырткары элдин огороддорунан агып чыккан суулар дагы жолду бузду. Бүгүнкү күндө төрт тараптуу жардам менен жаңы жол салганы турабыз. Бир тарабы атайын фонддун эсебинен, ошолордун техникасын алып иштетебиз. Андан сырткары жайыт комитетинен, жергиликтүү өкмөттүн бюджетинен жана элдин салымы болот. Жерге-Тал жолунун узундугу 15 чакырымды түзөт. […] Болжол менен жол салууга 200 миң сомдой каражат кетет. Жумушчулар өзүбүздүн жергиликтүү тургундар, алар өздүк салымдын эсебинен иштеп беришет.




Терек-Суу айылын 53 жаштагы тургуну Бүмаржан Эшенкулова жаңы жол салынса жергиликтүүлөрдүн көйгөйү чечилмек эле дейт.
— Жол биздин айылдагы эң көйгөйлүү маселелердин бири блуп жатат. Ушул Жерге-Талда менин балдарым жашайт. Огороддору, мал чарбачылыгы баары ушул жакта. Биздин жол абдан начар. Ушул жакка жаңы жол салабыз деп аракет кылып жатышат. Ошого өкмөт тарабынан көмөк көрсөтүлсө жакшы болмок. Жолдон жүк машина менен өтө албайсың, жүк менен эч жакка бара алышпайт. Кышкысын жеңил машина дагы каттабай калат. Анан ат менен катташат. Эми ушул жолубуз оңдолүп калса балдарыбыз машина менен каттап калат эле. Былтыр кыш оор болуп чөптүн ар бир кибин машина менен ташыганбыз.
Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы.
Конкурс үчүн