Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.
Сумбула айыл өкмөтүндөгү Искра айылына жаңы кичи футбол аянтчасынын курулушу башталды. Аны Нуридин Жалилов өзүнүн каражаты менен түптөп жатат. Учурда ал жердин пайдубалы бүттү. Аянтчага керек болгон курулуш материалдары толугу менен алына элек. Ага жалпысынан 15 миң доллар каражат кетээри болжолдонуп жатат.

Айыл тургуну Өткүр Рүстөмбек уулу оюн мындайча билдирди.
“Жаштар үчүн бул аянтчанын курулушу чоң кубаныч болду. Анткени райондун борборуна барып ойноп келүү бир топ кыйынчылык жаратчу. Эми бул аянтча бүтсө, биринчиден каалаган убагыбызда ойнойбуз, экинчиден акчабыз да үнөмдөлөт”, — дейт Өткүр.



Бул аянтчанын туурасы 22 метр, узуну 42 метр болуп курулууда. Анын ичин толтуруу үчүн 150 тоннадан ашык кум пайдаланылат жана сентябрь айына чейин колдонулууга берилиши күтүлүүдө. Аянтча курулуп жаткан жер өкмөттүкү болгондугуна байланыштуу ал жерди көп жылдык ижарага алууга туура келген.
Даярдаган: Нурислам Жанибеков
“Конкурс үчүн”