Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Эргеш көчөсүндө кудуктан жер алдынан насос менен сордурулуп алынган таза суу чыгат. Айылдагы үч көчөнүн эли айына 20 сомдон төлөп, ушул жерден таза суу алып пайдаланышат.
Суунун иштөө графиги саат 10:00дөн баштап, 15:00гө чейин. Эртең менен сууну чыгарып, кайра өчүрүп, айына элден акчаларды чогултуп, көзөмөлдөп турган Мадыш Шайдылдаев кудуктун пайдасы элге 2 жылдан бери тийип жаткандыгын айтты.
«Бул кудукту өзү “Калининский-ГКП” деген уюм келип, 1986-жылы казып берип кетишкен. Ал убакта булар Жарандык коргоого карачу, ошондуктан жасап кайра эле жаап кетип калышкан. Акырындык менен элдин муктаждыгына байланыштуу 1995- жылдары ишке киргизгенбиз, андан кийин 1-2 жолу бузулуп, токтоп калган. Элге пайдасы 2 жылдан бери тийип жатат. Режим менен иштетебиз, себеби, күнүгө өчүрүп күйгүзө бергенде, мотору күч келип калат. Саат коюп койгонбуз, эл дагы ошого көнүп калды, эртең мененки саат 10:00дөн, 15:00гө чейин иштейт, ошондо суткасына 5 саат чыгат. Суунун электр энергиясы арзандатылган, 8,9 тыйын киловатына. Бул суудан кудукка жакын аймактагы үч көчө алат негизинен, бирок, Терек-Суунун булуң- бурчунан келип алып кеткендер болот. Электр энергиясы айына 120 сомдун тегерегинде айланат. Эл өздөрү макулдашып айына ар бир түтүнгө 20 сомдон төлөшөт. Кудуктун тереңдиги 207 метр казылган, салынган насосубуз 90 метр тереңдиктен жердин үстүнө сордурулат. Тазалыгында айып жок, даяр артезиан суусу. Жаан-чачын болгондо суу түтүктөрүнөн суу булганыч болуп чыгып калат, кээде суу түтүктөрү оңдолуп калат ошол убакта кудук бизге абдан зарыл болуп калат”, — деп айтып берди Шайдылдаев.





Ал Терек-Суу айылында мындай кудуктан 3-4 болсо, айылдагы таза суу көйгөйү чечилип калмак деп эсептейт.
«Ушундай кудуктан айыл ичинде бирөө эле, экинчисин эмнегедир айылдан сырткары Актам деген жерге түшүп калган. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, ушундай кудуктан айыл ичинде 3- 4 болсо, таза суу көйгөйү чечилип калмак деп ойлойм», — деди ал.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Конкурс үчүн