Токтогул районундагы айтылуу Узун-Акмат дарыясынын башында алтын кени бар экендиги СССР мезгилиндеги геологиялык чалгындоолордон аныкталган.
Кенди казуу укугуна ээ болгон «Кассана Минералс» компаниясы ишти баштоого аракет кылганда жергиликтүү калк каршы чыгып, казуу иштери убактылуу токтотулган. Бирок жергиликтүү элдин ой-санаасы тынчыбай 1973-жылдагы Токтогул ГЭСи үчүн киндик каны тамган жерин таштап көчкөн сыяктуу бизге дагы да көчүүгө туура келеби деген сарсанаа менен турушат.
«Кассана Минералс» ЖЧКсынын коомчулукка таркаткан маалыматы боюнча ал жерде 69.103 кг нак алтын кени бар экендиги аныкталган. Ал эми эл арасында ал жерде 2 тонна алтын кору бар экендиги айтылып келет.

Кен казылат дегенде Чолпон-Ата жана Кетмен Дөбө айыл аймактарындагы кыштактардан бирден өкүл чыгып, Чаткал районундагы алтын кени казылган жер менен таанышып келишкен. Жыйнтыгында Чаткалга барып келген өкүлдөр алтын казуу иштери жөнүндө элдик жыйын кылып төмөнкүлөрдү билдиришкен.
«Чаткалдын айыл өкмөт алтын казгандар клуб салып жатат, жолдорду дагы асфальт кылып койду деп айтып жатат. Көрсө анын баары калп экен. Жолду асфальт кылды деди эле анысы болсо 2 километр деле чыгып чыкпайт, эптеп эле эл көрсүн кылып коюптур. Анан эл кен казылгандан бери эч бир пайда көргөн жокпуз, мектеп салып беришет деди эле анысы деле толук бүткөн жок деди. Зыяны болсо эң биринчи балдар ооруй баштады, сарык болуп, инфаркт, инсульт болуп ооруп атабыз деши. Алтын чайкаган суусун адам эмес мал иче албайт дейт. Андыктан айылыңардагы алтынды каздырбагыла деп айтышты.»
Жергиликтүү эл алтын казуунун зыяндуу жактарын уккандан кийин кенди казууга келген техникаларды жол тосуп өткөрбөй каршы турушкандыктан алтын казуу иштери токтотулган. Бирок ошого карабастан жергиликтүү калк алтын казуунун натыйжасында жаратылышка, адамадардын ден-соолугуна тийгизген олуттуу зыяндарынан коркуп, бизге дагы көчүүгө туура келеби деген ой менен пландаган крулуш иштеринин баарын 2 жылдан бери толугу менен токтотуп коюшкан. Быйыл көп элдин кенди казууга каршы туруп алтын казылбагандыгына көзү жеткен эл кайрадан курулуш иштерин башташты.
Чоң-Арык айылынын тургуну Дамира Бектемирова мындан эки жыл мурда жаңы үй курабыз деген планын токтотуп койгон. Себеби эмнеде экенин өзүнөн угалы:
— Узун-Акмат алтын кенин казууда адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет экен. Аба булганып иче турган суубуз да булганып, жашоого кыйын болот деген маалыматттарды угуп жатабыз. Ошондуктан айыл тургундарынын баары жүргүзүп жаткан курулуштарын токтотуп, улантпай жатышат. Биз чоң үйүбүздү бузуп оңдоп салалы дегенбиз, ар жеринен жарака кеткен, үйүбүз жашоого мүмкүн болбой калган. Бирок ошого карабастан 2 жылдан бери алтын казылат экен деген кабарды уккандан бери жашап жатабыз. Эми үйүбуздү бузуп кайрадан жаңыртып салалы деп тобокелге салып жатабыз. Биздин эл мурда да суу астынан көчүп чыкканбыз, кайра-кайра көчө бергенге биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Алтынды каздырбай койсо деген үмүттөбүз. Биз айылдыктардын баары каршыбыз.

Мындан үч жыл мурда жаңы үй сала баштаган Бакыт Асанбековдун апасы Гүлүм Асанбекова баласынын алтын казылат дегенде үйүн токтотуп койгонун айтат.
— Менин балам мындан туура үч жыл мурда жаңы үй сала баштады эле. Бирок, үйдүн салынышы ортолоп калганда алтын казылат деп угуп 2 жыл мурун токтотуп койгон. Үйдү карандай мээнет менен тапкан каражат мене салып жаткан. Эми биз мурун дагы 1979-жылы ГЭС курулат деп токтогул суусунун алдында калган жерден көчүп чыкканбыз. Эми быйл элдин кйрадан курулуш иштерин башатаганын көрүп, биз дагы тобокелге салып курулушту баштадык.


Алтын Мокоева алтындын казылышына каршы экенин айтты.
— Мен Чоң-Арык айылынын тургуну болом. Биздин айыл Узун-Акмат суусунун жээгинде жайгашып сууга кенен, жашоого ыңгайлуу. Биздин көлдүн астынан көчүп чыкканыбызга 40 жыл болгон. 1992-жылдагы жер титирегендеги эскирген үйлөрдү айрымдары жаңыртып салып алышкан, айрымдары эми салабыз деп жатышкан. Бизден ылдыйдагы Кара-Күңгөй айылындагы алтынды казып, элге зыян болот деп эл орто зар акыбалда калды. Ошол жерде 96 кг алтын бар деп жатат. Ошол алтын үчүн ушунча калк каякка көчөт. Биз канча жылдан бери ушул жерде жашап жаткандыктан, көнүп калганбыз. Алтындын казылышына биз муктаж эмеспиз.
Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы
Конкурс үчүн