Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүү мектебинде 8-класстын окуучуларынын ата-энелеринин сынагы болуп өттү. Сынакка 8-а класстын ата-энелеринин “Ынтымак” жана 8-б класстын ата-энелеринин “Бакыт” топтору катышты.
Сынактын уюштуруучусу биология сабагынын мугалими, 8-а класстын класс жетекчиси Назгүл Шакирова бул иш-чаранын максаты — ата-эне менен окуучунун ортосундагы мамилени бекемдөө экендигин айтты.
«Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын берген тапшырмасы боюнча “Тарбия үйдөн башталып, мектептен уланат” деген темада ата-энелердин сынагын уюштурдук. Негизги максатыбыз ата-энелер менен окуучулардын жана мектеп менен ата-эненин байланышын бекемдөө», — деди Назгүл Шакирова.

Бакыт Бекешов мындай сынакка биринчи жолу катышып жатканын айтат.

Калыстар тобунун төрагасы Таалай Турдалиев ата-энелердин сынагында калыс болуп, баалоо кыйын экендигин айтты.
“Чынында калыс болуу кыйын экен. Элди нааразы кылбай, бирөөнө оң, бирөөнө сол дебей акыйкатта баалаганга аракет кылдык”, — деди ал.

Катышуучу Жумакан Жуматаеванын айтымында, ата-энелерди чогултуу кыйындыкка турган.
“Иш убагы болгондуктан көбүнчөсү бошой албай, катышпай калышты. Калыстардын баалаганына ыраазы элемин, бирок эң артында артисттик чеберчиликке, эмблемага, формага деп 1 балл бериш керек эле да”, — дейт.

Дагы бир катышуучу ата-эне Кенже Кутманова:
“Анчалык деле кыйын болгон жок. Калыстардын баалаганына ыраазы элемин, туура эле баалашты. Тең чыгуу болдук”.

Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы