Ноокат районунун Куу-Майдан айылына атагы алыска жеткен кыргыздын сыймыгы Ташчайнар келип, өз өнөрүн тартуулап кетти.
Ташчайнар каймана аты менен белгилүү болгон балбан Нурлан Алишеров өз өнөрүн айылдагы Жапар Нышанов мектебинде тартуулады. Концерт ыр, тамашалар, оюн-зооктор менен коштолуп жакшы деңгээлде өттү. Ташчайна бул концертти айыл жерлерин кыдырып, тубаса таланттарды издөө жана шакирт чогултуу максатында өткөрүп жатканын айтты.


Бүгүнкү күндө Ташчайнар 17ге жакын шакирт чогулкан. Шакирттеринин эң улуусу 50 жашта болсо, ал эми кенжеси 7 жашта. Алардын ичинен эң таланттусу жана эң кенжеси 7 жаштагы Адилхан бир токтобой 2100 жолу отжимание жасайт.

«Ташчайнар болуп аталып калганымдын себеби Украинага барып таш талкалап, супер финалист болгонумдан кийин, сизди Ташчайнар деп атап коюш керек деп Абдрахманов Улан деген жигит айкан. Ошондон кийин эл алдында Ташчайнар деп аталып калганмын», — деп айтты Нурлан Алишеров.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн