Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Турусбек орто мектебинде 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Тарыхым — тагдырым, ата-бабам — баяным» аттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын максаты — окуучуларды ата-бабалардын тарыхын урматтоого, мекенчилдикке, улуттук аң-сезимге жана биримдикке тарбиялоо, ошондой эле өз элинин өткөн тарыхын терең билүүгө үндөө.

Мектептин тарых мугалими жана иш-чаранын уюштуруучусу Өмүркан Керимовдун айтымында, мындай иш-чаралар жаш муундун тарыхый эс тутумун калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.
Иш-чара ыр-бийлер, көркөм окуулар жана окуучулар даярдаган инсценировкалар менен коштолду. Анда ата-бабалардын басып өткөн тарыхый жолу жана эркиндик үчүн күрөшү көркөм чагылдырылды.


Мындан тышкары, китеп жарманкеси жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Анда улуттук мурастар, тарыхый китептер жана окуучулардын кол эмгектери көрсөтүлдү.
Иш-чарага мектеп окуучулары жана мугалимдер жамааты активдүү катышып, тарыхты билүү, улуттук баалуулуктарды сактоо жана ата-бабалардын мурасын кийинки муунга жеткирүү маселелерине көңүл бурушту.

Уюштуруучулардын белгилешинче, мындай тарбиялык иш-чаралар окуучулардын мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, улуттук тарыхка жана маданий мурастарга болгон сый-урматын бекемдөөгө багытталган.
Даярдаган: Азема Сабырбекова