Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Курманалиева Тамара 2009-жылдан бери «Ийгилик» кооперативин иштетип, келе жатат. Кооперативде шырдактар кийизден жасалган паноолор, сувенир, сумка, жумшак оюнчуктарды андан тышкары кызга берилүүчү септерди даярдашат.
Кооперативде 12 айым эмгектенет. Айлык акылары түшкон кирешеден төлөнөт. Кобүнчө заказдарды райондун жашоочулары беришет. Шырдактын баалары узун туурасына жараша бааланат. Мисалы: 3,3 өлчөмүндөгү шырдак 20 000 сом, 3,2 өлчөмүндөгү шырдак 15 000 сом. Шырдак жасоо үчүн жүндөрдү айыл тургундарынан сапатына карап, тандап алышат.
«Кыргыз шырдагы» деген темада Нарын шаарында өткөрүлгөн фестивалга катышып, 2-орунду ээлегендиги үчүн диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланып кайтты.
Даярдагандар: Молдобаева Жылдыз, Мааметова Анара
sposoby na automaty do gier