Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айылында №7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 15 күндүк эс алуу лагери өткөрүлүп жатат.
Бул тууралуу балдарды окутуп жаткан Бегзада Жүрсүн кызы жана Алиса Тобокелова билдиришти.
“Бул лагердик окууга жалпы 35 окуучу келди. Окуу саат 9:00дөн баштап 13:00гө чейин 2 саатка бөлүнөт жана биз бул окуучуларды 2 группага бөлдүк. Чоң жана кичине деп. 2 группага тең орус тил, чет тил кирет. Чоң группага 2-класстан 5-класска чейин, а кичинекей группага даярдоодон 2-класска чейин жана ар бир бала 100 сомдон өздөрүнүн тамагына берээрин кошумчалады».
Англис тилчи Алиса Тобокелова өз оюн билдирди: “Биз тилди өнүктүрүш үчүн тил боюнча сабак өтүп жатабыз. Кичинекей группа кичинекейлик кылууда, ошондуктан буларга оңой гана англисче сөздөрдү үйрөтүп жатам. Балдар бийлеп, ырдап өнөрлөрүн өркүндөтүшөт”-деп бир маал тамак ичээрин кошумчалады.
Катышуучулардын бири Назик Урмат кызы, “Бизге бул окуу аябай жакты. Биз көп нерсе үйрөнө алдык. Бул лагерь дагы болушун каалайбыз.
Бул курс 2017-жылы ачылган. Былтыр 20 окуучу болсо быйыл 35 окуучу катышты.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова