Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында 10-июнда катуу жааган жаандан кийин сел жүрдү. Кесепеттен бир нече тамдарды суу каптап, унаа жолдорду, эгиндерди алды.
Бул тууралуу маалыматты Сумбула айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Бахридин Өмүрхаков билдирди.
Маалыматка караганда, сел Көк-Таш, Тешик-Таш, айылдарында жүргөн. 5-6 гектар жерди сел алып, унаа жолдорду жууп кеткен. Бул тууралуу кабар тийиштүү жерлерге жеткирилген. Учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Даярдаган: Данияр Исакбаев