2025-жылдын 26-августунда Жалал-Абад облусунда “Алтын-Казык – доор өзгөрткөн билим” деген ураандын алдында билим берүү кызматкерлеринин облусттук август кеңешмеси өткөрүлдү. Иш-чарага Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Астра Боржуева катышып келди.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын агартуу министри Д.Кендирбаева билим берүү системасындагы маанилүү реформалар тууралуу маалымат берип, 12 жылдык билим берүү форматына өтүү боюнча жаңылыктарды ортого салды. Министр “Алтын-Казык” программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү боюнча жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттар бекитилип, төрт тилде (кыргыз, орус, өзбек, тажик) окуу программалары иштелип чыкканын баса белгиледи.

Салтанаттуу бөлүктө Токтогул районундагы №6 Мүлкүбат атындагы орто мектебинин география мугалими Рысбаева Махабат Рысбаевна “Жыл мугалими” облусттук сынагынан 1-орунду жеңип алып, ноутбук менен сыйланды.
Мындан сырткары, кубанычтуу жаңылык катары, Токтогул райондук билим берүү бөлүмү 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “2025 – ЖЫЛДЫН МЫКТЫ БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ” областтык конкурстан 2-орунду ээлеп, 2-даражадагы диплом менен сыйланды. Бул сыйлыкты Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу А.Т. Гулатов тапшырды.
Бул жетишкендик – Токтогул районунда билим берүү системасындагы жигердүү ишмердүүлүктүн жана талыкпаган эмгектин жемиши болуп саналат.
Даярдаган:Азема Сабырбекова.