Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебин мындан 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр мектепке заманбап интерактивдүү панель белек кылышты.

Болот Бообек уулу-мектеп директору
Бул тууралуу мектеп директору Болот Бообек уулу төмөнкүлөргө токтолду:
» Мындан 20 жыл мурун мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр интерактивдүү панель белек кылышты. Анын жалпы суммасы 200 миң сомду түзөт. Учурдан пайдаланып мектепке демөөрчүлүк кылган бүтүрүүчүлөргө өзүмдүн жана жалпы мектеп жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдирем».

Зарина Касымбек кызы-информатика мугалими
Информатика мугалими Зарина Касымбек кызы интерактивдүү панелдин артыкчылыктары жөнүндө буларга токтолду:
Интерактивдүү панелдин көптөгөн артыкчылыктары бар. Мисалга алсак;
1. Сабакты кызыктуу кылат
– Анимациялар, видеолор, графиктер менен сабак окуучунун көңүлүн бурат.
– Куралдарды, программаларды түз эле панелден көрсөтүп, интерактивдүү түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Колдонмо иштерди жеңилдетет
– Окуучулар менен бирге тапшырмаларды тактада аткарып, дароо жыйынтыгын көрүүгө шарт түзөт.
– Окуучулар тобу менен интерактивдүү тапшырмаларды чогуу аткарып, активдүүлүгү артат.
Жеңил жактары:
— Кагаз колдонбой, санарип түрүндө тапшырма аткарууга болот.
— Мугалимге сабакка даярдануу жана түшүндүрүү оңой болот.
— Виртуалдык клавиатура, калем, сүрөт тартуу функциялары сабакты жандуу кылат.
— Кайра-кайра бир эле материалды оңой кайталай алат.

Жалпы демөөрчүлөрдүн атынан Жоомарт Орозбактиев өз оюн мындайча билдирди: «Өзүбүз окуп кеткен мектепке белек берүү биз үчүн сыймык, анткени ал жерден билим алдык, тарбия алдык. Азыр да бул мектепте балдар кыздарыбыз окуп жатат. Бизди окуткан агай-эжейлерибизге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалайбыз».
Даярдаган:Нурай Калыгулова