2025–2026-жаңы окуу жылына карата Токтогул районунда салтка айланган мугалимдердин “Август кеңешмеси” өткөрүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө башчы-аким А.Тюкебаев агартуу тармагында эмгектенгендерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, педагогикалык конференция “Алтын-Казык – доор өзгөрткөн билим” ураанынын алдында өтүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле билим берүүдөгү улуттук реформаларга токтолуп, билим сапатын жогорулатууда мугалимдердин жоопкерчилиги чоң экенин баса белгиледи.

“Ар бир мугалим кесипкөйлүк, жогорку жоопкерчилик менен иш алып барып, окуучулардын билим деңгээлин арттырууга, улуттук баалуулуктарды сиңирүү менен жаш муундун аң-сезимин калыптандырууга көмөк көрсөтүшү керек”, — деди А.Тюкебаев.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева 2025–2026-окуу жылында билим берүүнүн негизги багыттары жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу баяндама жасады.
Кеңешменин соңунда 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча мыктылар аныкталып, “Жылдын мыкты мектеби”, “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты бала бакчасы” наамдары тапшырылды.
Даярдаган: Азема Кудуева