Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Күн тийбес участогунда курулуш материалдарын чыгаруучу ири ишкана – жаңы бетон заводу расмий түрдө ишке берилди. Заводдун курулуш иштери 2024-жылдын ноябрь айында башталып, кыска убакыттын ичинде, тагыраагы, март айында тесттик режимде иштей баштаган.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Акылбек Тюкебаевдин билдирүүсү боюнча, заводдун негиздөөчүсү – россиялык компания. Долбоорду биргелешкен “Астория Групп” ЖЧКсы ишке ашырган. Жалпы сарпталган каражат: 63 млн 971 миң сом. Каржылоо булагы: Инвесторлордун каражаты.
Район башчысы бул заводдун ачылышы район үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Буга чейин таш майдалаган да, бетон чыгарган да завод болгон эмес, курулуш материалдары Шамалды-Сайдан алынып келинчү. «Учурда бул заводдун районду толугу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар. Бирок өрөөндө жаңы долбоорлор жана ири курулуштар көбөйүп жаткандыктан, муктаждык дагы өсүүдө. Ошондуктан 2026–2027-жылдарга карата кошумча бетон заводунун курулушу пландалууда», – деп белгиледи Акылбек Тюкебаев
Заводдун директору Станислав Заяшниковдун айтымында, учурда ишканада 20 адам эмгектенүүдө. Завод таш майдалоо цехи жана бетон өндүрүү цехи деген эки негизги бөлүктөн турат.“Заводдун өндүрүш кубаттуулугу негизинен 1 саатта 300 тонна таш майдалоого ылайыкталган. Продукция кошумча талап кылынган учурда жабдууну 70%га көбүрөөк иштетүүгө болот. Учурда ал даярдыкта турат. Учурда суроо-талапка жараша ташты саатына 200 тоннага чейин майдалап чыгарууда.Ал эми экинчи цех 1 саатта 180 м³ бетон аралашмасын чыгара алат. Бирок, учурда 160 м³ көлөмүндө чыгарууда. Атайын Иран өлкөсүнөн сапаты жогору, компьютерлештирилген технологиялар алынып келинген. Ошого жараша ал сапаттуу бетон аралашмасын чыгарып берүүдө”,-деп билдирди ал.

Заводдо өндүрүлгөн продукция жергиликтүү калкка жана райондогу маанилүү объектилерге сатылууда. Тесттик режимде иштей баштагандан тарта, бул ишкана райондун негизги салык төлөөчүлөрүнүн бирине айланды. Өндүрүлгөн продукция алдыда курула турган Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун камсыздоого да чоң салым кошот. Майдаланган таш 1 тоннасы 720 сом,Кум 1 тоннасы 850 сом, Бетон 1 м³ 6500 сомдон 9000 сомго чейин. 
Жаңы заводдун ачылышы Токтогул районунда учурда ишке ашырылып жаткан төрт ири долбоорго дем берүүдө:
Таласбай кичи районундагы 750 орундуу жаңы мектеп.
Таласбай кичи районундагы 140 орундуу бала бакча.
Борбордук оорукананын аймагына салынып жаткан кошумча 100 орундук имарат.
18 жашка чейинки майып балдардын 120 орундук реабилитациялык борбору.
Бул долбоорлорго жалпысынан 950 млн сомдук каражат бөлүнгөн.
Жаңы өндүрүш ишканасы район экономикасынын өнүгүшүнө, жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушуна жана өнөр жай багытындагы долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу салым кошууда.
Даярдаган: Азема Кудуева