Бүгүн Токтогул жергесинде тарыхта терең из калтырган, кыргыз элинин даңктуу уулу – колбашчы, баатыр, XVIII кылымдагы көрүнүктүү эл башчылардын бири Хан Садыр Арзымат уулунун элесине арналган эстеликтин расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К.Койчиев, 310 жылдыкты уюштуруу комитетинин төрагасы З.Базарбеков, Кыргыз Республикасынын Баатыры А.Алымкулов, Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.Самаев, Токтогул районунун акими А.Тюкебаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанат учурунда коноктор Хан Садырдын эрдиги, эл үчүн жасаган кызматы тууралуу маалымат берип, аны даңазалап өтүштү. Манас айтылып, акындар анын каармандыгын мактап айтышып, улуттук рухту көтөргөн поэтикалык чыгармалар менен жыйынга көрк беришти.

Хан Садыр Арзымат уулу 1714–1715-жылдары төрөлүп, жаштык чагы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү калмак баскынчылыгынын оор учуруна туш келген. Ал элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн, катаал мезгилде кыргыз элин жетектеген, элдин ынтымагын бекемдөөгө салым кошкон улут каарманы катары тарыхта белгилүү.
Тарыхчы Белек Солтоноевдин жазуусуна ылайык, ал XVIII кылымдын экинчи жарымында арка кыргыздарына кеңири таанылган эл башкаруучусу болгон. Анын эл үчүн көргөн кызматы бүгүн да урпактарга үлгү болуп, даңазаланып келет.
Даярдаган: Азема Кудуева