2025-жылдын декабрь айында Токтогул районунда жетекчилик кызматтарга жаңы дайындоолор болуп өттү. Бул кадрдык өзгөрүүлөр мамлекеттик башкарууну күчөтүү жана жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №705 тескемесинин негизинде, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп Асанов Аскат Таштемирович дайындалды. Ал буга чейин мамлекеттик кызматтарда чоң тажрыйба топтоп, райондук өнүгүүгө салым кошуп келген.
Мындан сырткары, Токтогул шаарынын мэри кызматына райондук администрация башчысынын №73 буйругу менен Бактыбеков Бекмамат Бактыбекович дайындалды. Жаңы мэрдин алдында шаар инфраструктурасын жакшыртуу, жашоо шартын көтөрүү жана коомдук кызматтарды өнүктүрүү сыяктуу маанилүү милдеттер турат.
Жаңы дайындалган жетекчилерди элге расмий тааныштыруу аземи өтүп, ишеним көрсөтүлгөн жетекчилерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Самаев жана Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Асылбек Тюкебаев тааныштырды.
Бул дайындоолор аймактын өнүгүүсүнө жаңы дем берип, тургундардын турмушун жакшыртуу багытындагы иштерди активдештирет деген ишеним чоң. Эл мүдөөсүнө кызмат кылган, жоопкерчиликтүү жетекчилер ишенимди актап, натыйжалуу иштерди жүргүзөт деп күтүлүүдө.
Даярдаган: Азема Кудуева