Токтогул районунда Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата «Тотуя» драмасы көрүүчүлөргө тартууланды.Жазуучу, драматург Качкынбай Керимбаевдин Токтогул Сатылгановдун чыгармаларынын негизинде жазылган «Тотуя» драмасы, Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан сахналаштырып көрсөтүлдү.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик адмнистрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев катышты.
«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тузүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөдө жана кыргыз элинин демократ акыны Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата түзүлгөн иш-чара өтүлдү. Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкерлери «Тотуя» драмасын жогорку денгээлде сахналаштырып алып чыгышты. Жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем»- деди өз сөзүндө Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Акылбек Тюкебаев.
Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкерлерине жана иш-чаранын катышуучуларына райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктары тапшырылды.
Даярдаган: Айтурган Акимжанова.