28-октябрь 2019-жылы «Демократия сааты» долбоорунун алкагында 2020-жылдын 1-январынан тарта ЕЭСтин аймагына кирген мамлекеттерден тыш келген автоунаалардын бажы төлөмү 10-эсе жогору болоору жөнүндө талкуу болуп, биздин студияга Талас областтык төө буурчакты алуу фирмасынын жетекчиси Токторбаев Адилет болду.
1-январь 2020 жылдан тарта бажы толомдору ЕЭСтин алкагынан тыш келген автоунаалардын бажы тарифтери 10 эсеге кымбаттайт
Негизинен биз 2015 жылы Кыргызстан ЕЭСке толук кандуу мүчү болуп киргенден баштап 5-жыл адаптация болгончо жеңилдиктер берилген. 2020 -жылы 5-жылдык жеңилдетилген мөөнөт бүтүп, шартка жараша бажы төлөмдөрү көбөйөт. Албетте оң жак терс жактары болот бирок, биз үчүн жакшы жагы өзүбүздүн продукцияларыбызды ЕЭСтин алкагында жеңилдетилген шартта да өткөрө алабыз.
Даярдаган: Мурат Шамиль