Түп районунун Токтоян айылында «Боорукер бол» аттуу кайрымдуулук фонду ачылып, айылдагы жардамга муктаж адамдарга жардам берип келген. Бул фонддун иши ийгиликтүү болуп, алдыга койгон максаттары көп болгондуктан, экинчи кайрымдуулук фондуу уюштурушту.
Бул тууралуу «Жароокер бол» фондунун жетекчиси Хамид Тыналиев менен маек курдук:
«Буга чейин «Боорукер бол» фонду ачылган, 1 жыл элге жардам берип, фонд элге, мекенге кызмат кылып, аз камсыз үй бүлөлөргө, ошону менен бирге ата- энеси жок балдарга кол сунса болот экен. Ошол себептен экинчи ирет «Жароокер бол» фондун ачып жатабыз. Фондду ачып иштегенибизге 1 ай болуп калды. Облус ичиндеги региондорго барып, абалын билип, эң биринчи суу маселесин чечүүнү баштадык. Азыркы учурда Сары-Тологой айылындагы суу маселеси менен жүрөбүз. Андан сырткары региондорго мектеп, бала бакча, мечит, ФАП ачууга иш алып барып жатканбыз. Колубуздан келерин билип, кошумча кылып «Жароокер бол» фондун ачып иштеп жатабыз. Алдыдагы пландарыбыз чоӊ.
Бул фонддун максаты, жалпы элибиздин экономикабызды көтөрүү жана жеке адамдан баштап, коомдук жайларга чейин көтөрүп чыгыш, деги эле бардык жактан көтөрүп чыгуу. «Боорукер бол» фондун ачып алып, анын жыйынтыгын көрүп кубанып, экинчи ирет ачып жатабыз.
Биздин жетекчибиз жок, өзүбүз бул ишти алып барып, жалпы элдин акыбалын билип жалпы коомдук тендецияны билип, кем-карчыларын билип, кардарларга көпүрө болуп берип жатабыз.
Биз кардарларга көпүрө болуп берип, аларга материалдык жактан болобу, бардык жактан маалымат белебиз. «Жароокер бол» фонду Кувейт мамлекети менен бирге иш алып барабыз.Биздин башкы максатыбыз айыл, региондорду өнүктүрүү болуп саналат»,- деп билдирди Тыналиев Хамид.
Даярдаган: Мырзагул Осмонова