Түп районуна караштуу Токтоян айылынын ички жолуна асфальт төшөлүүдө, жол түздөлүп кум ,шагыл төгүлүп оӊдоо иштери башталган.Бирок учурда иштер токтоп турат.
Азыркы учурда айыл ичиндеги жолдордо жарактан чыккан суу түтүктөрү болгондуктан, суу түтүктөрү асфальт сметасына кирбегендиктен, иш бир канча убакытка токтолууда.
Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков бул маселени чечүүгө аракет кылып, азыркы учурда суу түтүктөрү оӊдолуп башталды. Бул түтүктөр оӊдолуп бүткөн соӊ жолду асфальтоо иши уланат.
№4 жол оӊдоо мекемесинин башкы инженери Нарынбек Иманакуновдон төмөндөгүдөй маалымат ала алдык:
«Токтоян айылында азыркы учурда асфальттын бетон катмарын түзөө жана андан сырткары, эки суу түтүкчөлөрүн оӊдоо иштери жүрүүдө. Негизинде жол Кыргыз Республикасынын бюджетинен салынууда жана бул жол айылды өнүктүрүү фонду тарабынан каралып салынып жатат. Айыл ичине 2 чакырым жол салынууда»,- деп билдирди.
Айыл тургуну Аскер карыянын айтымында:
«Жолду оӊдотуп берүү боюнча министирликке бир нече кайрылууларды жасаганбыз. Быйыл айыл ичинде 2 чакырым жолду оӊдоо иши башталды. Жол жасалса жакшы жактарынын бири, айыл ичи чаӊдабайт»,- деп билдирип өттү.
Даярдаган: Мырзагул Осмонова