Турусбек мектебинде ата-энелердин билим деңгээлин жогорулатуу жана балдардын тарбиясына байланыштуу маселелерди талкуулоо максатында «Ата-энелер мектеби» өтүлүп жатат. Бул иш-чаралар мектептин бүткүл жамаатына, ата-энелерге, ошондой эле мугалимдерге да пайда алып келет.
«Ата-энелер мектеби» өзгөчө билим берүү тармагындагы жаңы мүмкүндүктөрдү ачып, ата-энелерге балдары менен болгон байланыштарын жакшыртуу, алардын тарбиясына туура мамиле кылуу боюнча практикалык билимдерди берүүгө багытталган. Иш-чаранын алкагында ата-энелерге бала тарбиясы, психология, коммуникация, ошондой эле өзгөчө учурдагы билим берүү маселелери боюнча лекция жана тренингдер өткөрүлүүдө.
Ошондой эле, «Аталар мектеби» жанданып, аталар да мектептин маанилүү бөлүгү катары тарбияга активдүү катыша алышат. Аталарга өз балдарын тарбиялоодо туруктуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жардам берүүчү окуу жана иш-чараларды сунуштайт. Аталардын мектепке болгон активдүү катышуусу алардын балдарынын ийгиликтерине түздөн-түз таасир этет.
«Аталарды азыркы ааламдашуу заманында балдарга туура тарбия берип,кыргыздын баалуулуктарын баланын жан дүйнөсүнө сиңирүү.Аталарды өз балдарын адеп-ахлактык жол менен тарбиялоосуна багыт берүүсү керек»-деп билдирди Стамалиева Эрке өз сөзүндө.
Даярдаган: Аэлита Зарылбекова