Ак-Талаа районунда мектеп окуучулары арасында салт болуп калгандай “Мен бийчимин” сынагы болуп, ага 16 бий тобу катышты. Сынак “Улуттук маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүү” программасынын алкагында кыргыздын заманбап бий искусствосун жайылтуу, жаштар арасында чыгармачылыкты колдоо, нукура салттуу бий өнөрүн өнүктүрүү максатында райондук маданият үйү тарабынан уюштурулду.

Сынактын кенже катышуучулары
Сынактын жобосуна жана шартына ылайык балдар музыкалык мектебинин, балдар билим берүү борборунун жана “DiDance” бий топтору катышкан жок. Программага ылайык сынактын катышуучулары кыргыз улуттук бийи жана эркин бий(ар улуттун бийлери) тапшырмалары боюнча өнөрлөрүн тартуулашты.

Кыргыз улуттук бийи



Сынакта индия, грузин, чыгыш ж.б улуттун бийлери бийленди

Калыстар курамы бий топторунун чыгармачылыгына, бийлөө чеберчиликтерине, ийкемдүүлүгүнө, сахнада алып жүрүү маданиятына ж.б талаптарга карап баа беришти. Маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын маалыматына караганда орто мектептерде хореографтар жок:
“Бий топторун музыка мугалимдери жетектейт. Бирок ошого карабастан улам барган сайын өнөр катары алып жүрүүгө кызыккан кыздар-балдардын катары көбөйүп жатканы кубандырат. Албетте тапшырмалардыаткарууда кыймыл-аракетке эмоция, образ берүү, кыймылдарды шайкеш келтирүүдө бир аз кемчиликтер бар. Аларды акырындап оңдоого болот” -деди ал.
Жыйынтыгында “Жаз,, “Ажар”. “Акмарал”, “Айданек”, “Нурденс”, “Кенже”, “Назик”, “Тоо шаңы”, “Азем” бий топтору финалдык турга чыгышты.
Барчын Мамытбекова
299