Сокулук районунун Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы орто мектебинде иш — чара болуп ѳттү. Бул күнү Кыргыз Республикасынын Туусунун кабыл алынган күнүн жана улуттук баш кийим болгон ак калпак күнүн белгиленди. Бул иш — чарага мектептин 2-классынан баштап 11-классына чейин катышышты.
Марш учурунда
Иш — чаранын максаты ар бир жарандын патриоттуулук сезимин ойготуую Белгиленген иш — чарада жигиттер башына ак калпактарын кийип, колдоруна желектерди алып айылды аралап жѳѳ жүрүшкѳ чыгышты.
Ак калпак күнү
Айыл тургундары ак баталарын берип, алкап жатышты. Жүздѳрүнѳн сыймыктануу сезимдери тѳгүлүп турду. Жѳѳ жүрүштѳгү окуучулар менен сүрѳткѳ түшкѳндѳрү да болду.
Айыл тургуну Өмүрзаков Мамытбек:
“Кыргыз эли кылымдардан бери жашап келген эл. Эзелтеден бери калпагы башынан түшкѳн эмес. Кыргыз бар жерде калпак бар! Бул каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз, унутпагыла балдарым. Мына жадырап жаркырап турасыңар, ушунуңардан жазбагыла. Кандай сонун иш жасап жасатыңар. Келечегиңер кең болсун! Ак жолуңар ачылып, эл керегине жараган мыкты инсандардан болгула”, – деп батасын берип узатты.
Жѳѳ жүрүштѳн соң мектептин парламенти даярдаган чакан программадагы концерт болду.
Концертте калпак, мекен жѳнүндѳ ырлар ырдалды. Калпактын жаш ѳзгѳчѳлүгүнѳ жараша кандай ѳң-түстѳ болорун 5-класстын окуучулары кѳрсѳтүп, чечмелеп беришти.
Кеченин аягында мектептин парламенти тарабынан калпак кийүүнү салтка айландыруу максатында, 1-4-класстарынын жигиттери кыюусу, оюусу жашыл түстѳгү калпак, 5-8-класстарынын жигиттери кыюусу, оюусу боз түстѳгү калпак, 9-11-класстарынын жигиттери кѳк түстѳгү калпак кийүүсү тууралуу сунуш айтылып, кабыл алынды.
Окуучулар марш учурунда
Айдай Джолчубекова, Нуржан Усонкулова