Президенттин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы бекитилген
2014-жылы жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында көп этностуу жамааттар жашаган жерлерде чыр-чатактарга эртелеп чара көрүү жана болтурбоо, жарандык сектор менен натыйжалуу аракеттенүү үчүн мониторинг жүргүзүү жана кырдаалды баалоо максатында – этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалар түзүлгөн.
Көп этностуу 18 райондорунда жана 5 шаарларында райондук мамлекеттик администрациялардын/мэриялардын алдында түзүлүп, жалпы 319 адамдан турат.
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана райондогу коомдук-кеңеш берүүчү этностор аралык консультативдик кеңештин мүчөсү Акылай Маметова тынчтык куруудагы тажрыйбалар менен кенен бөлүштү.
************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Айгерим Кубатбекова