2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы (мындан ары – Концепция) 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат. Концепция Кыргыз жараны деп өзүн таанууну Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын бириктирүүчү жана элдин биримдигин бекемдөөчү өзүн таануу катары карайт.
Кыргыз жараны концепциясы артыкчылыктуу багыттары:
1. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу. 2. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо.
3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.
4. Башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга бирдей шарттарды түзүү.
5. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.
Концепция тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коомдук бирикмелер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бекжан Турсуналиев маалымат берди.
************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Айгерим Кубатбекова