Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер-жемиштер казылып алынды. Участокто помидор, капуста, картошка, алма, карагат, кызылча отургузулган.
Бирок алардын ичинен алма, карагат, кулпунайлар өспөй куурап калган.

Окуучулардын көбү жайында каникулга кетишип жана суунун жок болгондугуна байланыштуу аларды отоо чөптөр басып каралбай калган. Буларды эмдиги жылы мектеп окуучулары кайрадан отургузушат.
Казылып алынган жер-жемиштерди окуучулар класс жетекчилери менен бирге чайканага барып өткөрүп турушат. Ал жашылчалар менен 4-класска чейинки окуучуларга тамактар жасалып берилет. Бул туурасында башкы ашпозчу Айгүл эже менен маектештик.

«Бул жемиштерден балдарга түрдүү күрүч, суюк тамак, салаттар, дымдама сыяктуу тамактарды жасап беребиз. Мындан эң көп помидордун түшүмү болду, калгандары аз аздан. Булар болжол менен сентябрдын аягында түгөнөт, андан соң өкмөттөн берилген азык-түлүктөр менен тамактарды жасай баштайбыз», — деди ал.
Жер-жемиштердин түшүмдүүлүктөрү кандай болгону туурасында Токсобаев мектебинин директорунун орун басары Элизат Токтоналиевага бир нече суроолорду узаттык.

Бирок эже кызматына сентябрь айында эле отургандыктан суроолорубуздун кээ брине жооп бере алган жок.

«Картошкадан үч кап, помидордон 45 килограмм, кызылчадан 88 килограмм алынды. Түшүмдүүлүк жакшы эле болду, бирок карагат, кулпунай, алма, өрүктөр каралбай калгандыктан, окуучулар аларды эмдиги жылы да кайра айдашат», — дейт ал.

Бул участок атайын долбоор менен иштеп жаткандыктан жакында эле текшеруү келип өстүрүлгөн нерселер начар экенин айтып өтүшкөн.

Окуучулар отургузган жер-жемиштеринин ордун тазалап, эмки жылкыга даярдашууда. Эмки жылы орундарын алмаштырышып, ар бир класс быйыл айдагандарын, эмки жылы айдашпайт.
Даярдаган: Нуржамал Алманбет кызы
Редактору: Асанкул кызы Жанара
Сынак үчүн