Cары-Дөбө орто мектебинде 19-сентябрь күнү 5-6-7-8-9-11-класстар арасында спорттун беш түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеште окуучулар спорттун аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш, кап менен секирүү түрлөрү менен күч сынашты.


Сынактын уюштуруучулардын атымында, бул мелдеш жакында болуп өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматына уюштурулган. Мектептин дене тарбия мугалими Жалал Сегизбаев бул мелдеш быйылкы окуу жылынын эң алгачкы спорттук мелдеши болгонун жана окуучулар күндүн ысыгына карабай жигердүү катышып бергенин билдирди.

11-класстын окуучусу Гүлбарчын Омурзакова “биздин окуучулар спорт залдын жоктугуна карабай күндүн ысыгына чыдап кызыктуу мелдеш өткөрдүк. Бул эң алгачкысы, буюрса мындай саамалыктардын далайын өткөрөбуз” дейт өз сөзүндө.

Даярдаган: Айзирек Миңбаева
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн