Үч-Коргондо каржы сабаттуулугун жогорулатуу үчүн атайын окутуулар уюштурулуусу зарыл. Бул боюнча коомдук ишмер Тажик ассоциациясынын өкүлү Мавлон Абдуразаков бизге курган маегинде айтты.

— Биздин Үч-Коргон айылында көп учурда аялдар акча таап келет, эркектерге көп учурларда кесибине жараша жумуш жок. Биздин айылда 33 миң киши жашайт, ар бир үй-бүлөдө бирден киши окумуштуу бирок, кесибине жараша завод же фабрикалар жок. Эми алар кайда барып иштеши керек деген суроо туулбай койбойт.
Абдуразаков билдиргендей, үч-коргондуктардын кирешеси — бул багбанчылык. Алар багбанчылык менен алектенип, бир жылда тапкан кирешеси 100-200 миңге жетет. Табылган кирешени тойлорго жана балдары окутууга жумшашат. Айылда баары эле каржылык сабаттуулугу жакшы деп айтууга болбойт, ошондуктан атайын окутуулар уюштурулуусу керек дейт ал.
Биз каржылык сабаттуулук боюнча толук маалымат алуу максатында Үч-Коргон айылындагы ишмер айымдардын бири Матлюба Хожиматовага кайрылдык.
— Мен көп жылдардан бери бухгалтер болуп иштеп келем. Акчаны сарамжалдуу колдонуу боюнча адашам айрым учурларда. Анткени аял киши болгондума байланыштуу каражаттарым көп. Жумушта адашпайм, ар бир сомду эсеби менен жайына коём. Үйдө жолдошум менен биргеликте жылдык каражаттарды эсептеп кеңешип иш кылабыз. Акчаны коротуу оңой, бирок аны табуу татаал. Ошондуктан айтат элем жаштарга, акча тапканча эсеп тапкыла деп. Ошондо тапкан кирешеңерде береке болот.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сынак үчүн
КМ