Баетов айылында эки жылдан бери “Баетов таза аймагы” муниципиалдык ишканасы айыл ичиндеги таштандыларды чыгаруу кызматын аткарат. Учурда ишканада үч киши иштегени менен жумасына бир ирет 25-30 тоннага жакын таштанды чыгарылат.
Жыл башында жергиликтүү бюджеттен ишканада иштегендерге айлык акы жана башка таштанды чыгаруу, күйүүчү май кызматтары үчүн 400 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Аталган ишкананын жетекчиси М. Жетигеновдун айтымында, таштанды чыгаруучу унааны жалдашат. Ошондой эле унаанын ар бир рейсине 250 сомдон акча төлөшөт жана 10 литр күйүүчү май куюп беришет.
Даярдаган: Г. Мамытбекова