Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгы белгиленди. Бул мааракеде айылдын аксакалдарын коноктошту.

Улуу Ата-мекендик согуштун катышуучусу болуп бир гана Мекенов Абдилла атабыз бар экен жана андан сырткары, улуу муундагы чоң аталарыбызды, аксакалдарды чакырып салтанаттуу маараке өткөрүлдү. Аксакал аталарыбызга орозого туш келип калгандыгына байланыштуу иптар берилип, Нышанов, Шаңкол, жана Дары-Суу орто мектептери концерт коюп беришти.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жеңишбек Исаевдин айтымында:
«Бүгүн биздин Кеңеш айыл өкмөттө чоң иш чара болуп өттү деп ойлоймун. Бул иш- чара Улуу жеңиштин 74 жылдыгына арналып жалпы айыл өкмөтүндөгү согуштун ардагери Абдилла абабыздын жана ошондой эле тыллдын катышуучуларынын катышуусунда өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө бизге жакшы жашоо тартуулап, өз жанын аябай кызмат өтөп келген Абдилла аганын катышуусунда чоң иш чара өткөрүлдү. Бул иш- чарага Ооган согушунун ардагерлери, медицина тармагынын адистери, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, почта кызматкерлери, учаска инспекторлору мектеп окуучулары катышып беришти.

Иш- чарага тылдын катышуучуларынан 45 ардагер чакырылып, алардын кээ бирлери ден-соолугуна байланыштуу келбей калып үйлөрүнө азык- түлүктөр таратылып берилди, келген катышуучулардын колуна белектер берилип, жакшы маанайда тосуп узатышты. Бул мааракеге айыл өкмөт тарабынан 30 миң сом акча каражаты бөлүндү жана маараке аяктаган соң курман болгон аталарга куран окулду.
Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы