Кыргызстанда дээрлик 1,5 млн автоунаа бар. Унааны кышка кантип даярдоо керек? Бул суроого Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкери Авазбек Шүкүрбеков айтып берди.

— Кыш келгенде эле кышкы дөңгөлөктүн актуалдуулугу артып баштайт эмеспи. Аны кантип туура тандоо керек?
— Ар бир айдоочу кышка даярдануу боюнча жоопкерчиликтүү болушу керек. Биринчи кезекте эле дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу турат. Колдон келсе эски дөңгөлөктөрдү эмес, жаңысын алуу керек. Анткени, ар бир дөңгөлөктүн мөөнөтү бар. Ал мөөнөтү өтүп кеткен соң, коопсуздугуна кепилдик жок болуп калат. Ошондой эле бизде көбүнчө биринчи кар жаагандан кийин дөңгөлөктөрдү алмаштырабыз деп күтө беришет. Бирок, айдоочулар дагы климаттык өзгөрүүлөргө даяр болушу керек. Мисалы, сентябрда деле кар жаап салып жатат. Мындан улам, өзгөчө алыскы каттамдарга чыккан жана коомдук транспорттордо эмгектенген айдоочулар эртерээк кыштын камын көрүшү керек. Кырсыктын бирден бир себептери дөңгөлөктү алмаштырбагандан, тормоздук системаны карабагандыктан келип чыгып жатат.
— Дөңгөлөктөн тышкары, машинанын аккумулятор, генератор ж.б тетиктери дагы бир катар ыңгайсыздыктарды жаратат экен. Аларды кышта көйгөй жаратпай тургандай кылып, кантип даярдоо керек?
— Албетте, машиналарды кышка даярдыктан өткөрүү маанилүү процесс. Жогоруда сиз айткан тетиктерди ж.б нерселерди машина жасоочу жайларга барып, текшерүүдөн өткөрүп алуу дурус. Машина жолдо кетип бара жатып эле, жөн эле бузулуп калбайт. Ага чейин деле машина бузулуп жактан болсо, ар түрдүү белгилерди берет. Сиз айтып жаткан аккумулятордун дагы өзүнүн мөөнөтү бар. Аны дагы мөөнөтү келгенде алмаштырып турса, ал жолдо кыйын кырдаалга калтырбайт.
— Аккумулятор, генератор, дөңгөлөктөн тышкары, машинанын майы дагы маанилүү эмеспи. Аны канча убакытта бир алмаштыруу кажет?
— Бул нерселердин ар биринин мөөнөтү бар. Ар бир автоунааныкы ар кандай. Мисалы, жеңил машиналардыкын айтып кетсем, 10 миң километрге жеткенде майды алмаштыруу керек. Майды алмаштырууда анын сертификатын, ошол май өзүн рынокто кандай көрсөтүп жаткандыгына маани берүү керектигин айтып кетким келет. Анткени, айрым жерлерде кардар сураган май деп бөлөк майды куюп коюшу мүмкүн. Ошондон дагы машина бузулат. Анткени, машинанын моторун иштеткен нерсе – бул май.
-Унааны кышка даяр эмес бойдон колдонуп жүргөндөргө кандайдыр бир чаралар барбы?
— Бузуулар кодексинде 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган. Эмне үчүн дегенде, жол кыймылынын эрежелеринде деле жазылып турат. Анда, айдоочу машинага отурар алдында машинаны бир сыйра карап, анын жолдо жүрүүгө жарамдуу экенине ишенимдүү болуусу керек. Эгерде, унаа айдоого жараксыз болсо, анда оңдогондон кийин гана жолго чыгышы керек. Эгерде жолдо капыстан машина бузулуп калса, биринчи станцияга чейин машинаны колдонууга болот деп жазылып турат.
Касиет Кубанычбек кызы